18:40
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Депутат: Тарых музейинин иши боюнча күнөөлүүлөр качып кетиши мүмкүн

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Бахадыр Сулейманов Тарых музейинин калыбына келтирилиши боюнча күнөөлүүлөр Кыргызстандан качып кетиши мүмкүн деп кооптонууда.

Айтымында, музейдин концепциясын немец компаниясы иштеп чыккан. «Мира Карыбаева Фарид Ниязовдун тапшырмасы менен музейди мыкты жасагандардын ишин көрүү үчүн барып келген. Кантип эле немец компаниясы биздин тарыхты жакшы билишсин? Ошон үчүн ушундай аттарды алып келип коюшту. Кафетерийге 2 миң долларлык кофе кайнаткычтын эмне кереги бар? Музейге мектеп окуучулары, аймактардан тургундар келишет. Алар кофе сатып алат деп ойлойсуздарбы?» — деп нааразы болду Бахадыр Сулейманов.

Ал билдиргендей, мамлекетке ири чыгым болду, бирок укук коргоо органдары дагы деле күнөлүүлөрдүн атын атай элек. «Тергөө жүрүп жатканда күнөөлүүлөр качып кетишет», -деп кошумчалады депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар