17:17
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Казакстанда бензовоз жарылып, үч киши жабыр тартты

Актөбө шаарында өндүрүш базасында бензовоз жарылып, жергиликтүү ишкананын эки кызматкери оор абалда ооруканага жеткирилди.

Тез медициналык жардам ооруканасынын башкы дарыгери Сакен Капановдун айтымында, 55 жаштагы аял жана 38 жаштагы эркек киши 80-90 пайыз күйүк менен жандандыруу бөлүмүндө жатат. Алар базада оператор болуп иштешкен.

Айдоочунун алган жаракаты жеңил болгондуктан үйүнө жөнөтүлдү.

Окуя 10-сентябрда болгон. Ишкананын жетекчилиги бул боюнча комментарий бере элек. Окуяны иликтөө үчүн эмгек инспекциясынын өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия түзүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби