03:36
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция жоюлат

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны кыскартып, анын функцияларын Айыл чарба министрлигине өткөрүп берүү ниети каралууда. Бирок, депутат Зиядин Жамалдинов буга нааразычылыгын билдирди.

Айтымында, инспекциянын түзүлүшү- бул Евразия экономикалык комиссиясынын талабы.

«Эгерде аталган инспекцияны жоюп салышса, ЕАЭБдин мүчөлөрү каршы чыгып, кыскартууга болбой тургандыгын айтып чыгышат», —деди депутат.

Ал кошумчалагандай, аталган маселени тез арада карап чыгуу керек. Бирок, өкмөт мамлекеттик инспекцияны жоюу тууралуу токтомду кабыл алып койгон.

Эң көп окулган жаңылыктар