17:37
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Медициналык кызматерлердин айлык акысы жогорулайт

1-октябрдан тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин, медайымдардын жана фельдшердик-акушердик пункттардын орто медициналык кызматерлеринин айлык акысы жогорулайт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусунун Чон-Алай районундагы Карамык жана Жекенди айылдарындагы эки оорукананын ачылыш салтанатында билдирди.

«Жаңы ооруканалар — бул тийиштүү жабдуулар жана дары-дармектер менен жабдылган заманбап медициналык мекемелер», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. Ошондой эле жергиликтүү дарыгерлер сапаттуу алгачкы медициналык көмөк көрсөтүү маселесине өзгөчө көңүл буруусу тийиштигин кошумчалады. Өкмөт башчы билдиргендей, бүгүнкү күнү республика боюнча 400дөн ашуун ар түрдүү объектилер курулуп жатат.

«Бул объектилердин көбү жыл аягына чейин бүткөрүлөт, айрымдарын биз келерки жылы аяктайбыз. Мен, премьер-министр катары 3 жылдын ичинде өлкө боюнча бардык объектилердин курулушун аяктоо милдетин коем. Бардык пландарыбызды ишке ашырабыз деп ишенем, анткени коомдо ынтымак жана биримдик бар, ал эми экономика туруктуу жана бардык тармактарда өсүү көрсөткүчтөрү бар», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.


Эң көп окулган жаңылыктар