Бишкекте ШИИББнын кызматкери жаранды тапанчасы менен аткан. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине ШИИББдан тастыкташты.
Окуя «Империя пицца» кафесинин жанында болгон.
Маалым болгондой, жеке коопсуздук кызматы иликтөө жүргүзүп жатат. Материалдар Биринчи Май райондук прокуратурага өткөрүлүп берилди.