13:42
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Арчалы айылында «Мерседес-Бенц 210» үлгүсүндөгү унаа өрттөндү

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Арчалы айылында «Мерседес-Бенц 210» үлгүсүндөгү унаа жана бастырмада жыйылган 1000 түк чөп өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсыкта жабыркагандар катталган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Кошумчалай кетсек, акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 25 өрт кырсыктары катталды.



Эң көп окулган жаңылыктар