18:18
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Сапаттын» мүлкү боюнча маселени мекеменин негиздөөчүлөрү гана чечет

«Сапат» билим берүү мекемеси боюнча маселени анын негиздөөчүлөрү гана чечет. Министрлик Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Камил Фыраттын кечээги билдирүүсүнө жооп берди.

КЕчээ түрк элчиси «Сапат» билим берүү мекемелерин жабуу эмес, анын мүлкүн «Маариф» фондуна өткөрүп берүү талабы коюлуп жатканын айткан.

Билим берүү министрлиги эл аралык «Сапат» билим берүү мекемеси Кыргызстандын мыйзамына ылайык иш алып барып жаткан аралаш менчик түрүндөгү мекеме экендигин белгилейт.

«Кандайдыр бир кайра түзүлүүсү, же мүлктү өткөрүп берүү боюнча чечим уставга ылайык негиздөөчүлөрдүн жалпы чогулушунда кабыл алынат. Негиздөөчүлөрдүн курамына Кыргызстандын жарандары жана КР Билим берүү жана илим министрлиги кирет», — дейт мекеме.

Министрлик Туркиянын «Маариф» фондунун ишмердүүлүгү тууралуу өкмөттөр аралык келишимдин долбоорун даярдоо боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүлгөндүгүн, келишимдин долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилип, документ радификациядан өтүшү керектигин эскертет.

Эң көп окулган жаңылыктар