USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Бишкекте жол кырсыгында айдоочу оор жаракат алып ооруканага жеткирилди

14:45, 10 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жол кырсыгында айдоочу оор жаракат алып ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн түшкү саат 12:00дөр чамасында Махатма Ганди көчөсүндө болду. Хонда үлгүсүндөгү автоунаа жогорку ылдамдыкта келе жатып бакка тийип өтүп, электр мамысын сүзгөн.

Кырсык учурунда айдоочу унаада жалгыз болгон.



БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика