III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрүүгө Кыргызстанга 60-70 миңдей чет элдик туристтер келди. Бул 2016-жылдагы оюндардан эки-үч эсе көп. Бул тууралуу Туризм департаментинин башчысы Азамат Жамангулов «Азаттык» радиосуна билдирди.
Көчмөндөр оюндарынын Кырчын жайлоосундагы ачылышына 2016-жылы 30 миңге жакын адам келген. Быйыл бир күндө, ачылышына эле 150 миңдей адам келди. 2016-жылы Көчмөндөр оюндары учурунда 15-20 миңдей чет элдик жарандар турист катары келген. Быйыл болжол менен 60-70 миңге жакын деп эсептеп жатабыз.
Азамат Жамангулов
2-сентябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында башталган III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 8-сентябрда аяктады. Аземдин жабылышына премьер-министр Мухаммедкалай Абылгазиев катышты. Ал күнү 2020-жылы Көчмөндөр оюндарын өткөрүү миссиясы тапшырылган Түркияга эстафета катары мөңгүнүн суусу тапшырылды.