22:54
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Жалал-Абад облусунда айдоочу милицияны сүзүп качып кетти

Жалал-Абад облусунда айдоочу милицияны сүзүп, качып кетти. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун көчөлөрүндө 31 жаштагы  А.Э. аттуу милиция өзүнүн кызматтык милдетин аткарып жаткан учурда, Деу Нубира үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Айдоочу кырсык болгон жерден из жашырып кеткен.

Кырсыктан жабыркаган кызматкер Сузак райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жеткирилди.

Окуяга шектүү катары Сузак районунун 22 жаштагы А.А. аттуу тургуну кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума