10:14
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Мыйзамсыз жол менен күйүүчү-майлоочу май ташып келе жаткан жаран кармалды

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Ленин аймагында чек арачылар мыйзамсыз жол менен күйүүчү-майлоочу май ташып келе жаткан жаранды кармашты. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1960-жылы туулган кыргызстандык жаран Р.С. Тажикстандан 38 тонна солярканы «Рено» унаасына жүктөп келе жаткан. Ал күйүүчү майды көзөмөл пунктан тышкаркы аймак менен алып өтүүгө аракет кылган.

Жаран чара көрүү үчүн тиешелүү органдардын өкүлдөрүнө берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума