19:54
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Көчмөндөр оюну. Жөө айтышка 19 кара жаак чечен катышты

III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын этношаарчасында чечен айтыш сынагы аяктады. Ага өлкөнүн 7 дубанынан келген 19 кара жаак чечен катышты. Алардын 10у калыстардын сынынан өттү. Бул тууралуу 24.kg  агенттигине сынактын катышуучулары билдиришти.

Жөө айтышта катышуучулар макал-лакап, жаңылмачтарды айтышты. Мындан тышкары Кыргызстанды, көчмөндөр оюндарын даңктаган сөздөр айтылды.

Катышуучулардын айтымында, жалпы жыйынтык эртең чыгат.

Буга чейин калың элдин арасында айтылып келген чечендик өнөрдө какшык айтыш, калп айтыш, сыноо айтыш болгон жок.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума