06:36
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Көчмөндөр оюндары. Эл аралык «Айтыш» сынагынын финалдык беттеши болот

III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында бүгүн Кырчын жайлоосунда эл аралык айтыштын финалдык бөлүгү орун алат. Бул тууралуу 24.kg  агенттигине төкмө акын Азамат Болгонбаев билдирди. 

«Айтыш» коомдук фондусунун маалыматы боюнча, финалдык беттеште казак акындары Айбек Калиев, Биржан Байтуов, Аспанбек Шыгатаев, Максат Аканов жана кыргыз акындары Баян Акматов, Азамат Болгонбаев, Кубат Тукешов жана Асылбек Маратов айтышмакчы.

Кош байге 2 миллион сомду түзөт. Финалдык беттеш Кырчын этношаарчасында саат 14.00дө башталат.

Эң көп окулган жаңылыктар