21:39
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Казакстандагы жол кырсыгы. Каза болгондордун туугандары алардын өлүмүнө ишенбейт

Быйыл январда Казакстандын Актөбө облусундагы автобус кырсыгында каза болгон өзбек жарандарынын туугандары алардын өлүмүнө ишенбей жаткандыктарын билдиришүүдө. Бул иш боюнча башталган сот отурумунда алар мерт болгон делген туугандарынын мобилдик телефондору дале иштеп жатканын, бирок алар менен байланышуу мүмкүн болбогонун айтышты. Бул тууралуу Вnews.kz сайты жазды.

«Биз алардын өлүмүнө ишенбейбиз. Алар тирүү. Уулум менен неберемдин телефондору азыр деле иштеп жатат, бирок чалганда албай жатышат. Башкалардын да көбүнүн телефондору иштеп жатыптыр. Адамдар өзүлөрү күйүп кетип, телефондору күйбөй калмак беле? Демек алар тирүү. Балким аларды кулчулукта кармап жүрүшкөн болушу мүмкүн», — деп билдирген автобус жүргүнчүлөрүнүн биринин тууганы Юлдуз Ганиева.

Кырсыкка кабылган өзбек жарандарынын башка туугандары дагы алардын өлүмүнөн шек санашууда. Алар каза болгондордун сөөктөрүнүн калдыктары бериле электигин жана окуя болгон жердеги экспертизалардын жыйынтыктары көрсөтүлбөгөнүн айтышууда. Жабырлануучулар адвокат жалдаган эмес, бирок өзбек элчилигинин өкүлдөрүнө кайрылып, сотто укуктарын коргоп берүүнү өтүнүшкөн.

Өзбекстан жарандары бараткан автобус 18-январь эртең менен Актөбө облусундагы Иргиз трассасында өрттөнүп кеткен. Анда 52 киши мерт болуп, 5 киши аман калган.

Эң көп окулган жаңылыктар