14:42
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте Борбордук Азиядагы эң чоң мечиттин ачылышы болууда

Бишкекте Борбордук Азиядагы эң чоң мечиттин ачылышы болууда. Ага президент Сооронбай Жээнбеков жана Түркия мамлекетинин башчысы Режеп Тайип Эрдоган катышып жатат. 

20 миң орундуу диний жайдын ачылыш аземине бийлик жетекчилери, аткаминерлер, дин өкүлдөрү жана шаардын тургундары катышууда.

Имам Сарахсий атындагы мечтиттин курулушуна Түркиянын мыкты архитекторлору тартылган. Сооронбай Жээнбеков кыргыз элинин атынан мечитти куруп берген боордош түрк калкына ыраазычылык билдирди. 

«Бул жай ыймандын очогу болот деп ишенем. Демөөрчүлүк кылган боордошторубуз диний багытта дагы каражат жагынан колдоо көрсөтө тургандыктарын билдиришти», -деди Сооронбай Жээнбеков.

Түркиянын президенти ачылыш аземде сөз сүйлөп жатып, жаңы салынган мечитте ибадат кылган мусулмандардын намаздары кабыл болсун деген тилегин айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар