31-август- Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкек шаардык мэриясы бир катар маданий иш-чараларды өткөрөт. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.
Иш-чаралардын тизмеси:
«Ала-Тоо» аянтында
10:00дөн 12:00гө чейин кыргыз эстрадасынын жылдыздары катышкан театралдаштырылган иш-чара орун алат.
19:00дөн 22:00гө чейин белгилүү ырчылар шаар тургундарына жана меймандарына концерт тартуулайт.
Эмен паркында
11:00дөн 13:00гө чейин Эмен паркында спорттук иш-чаралар (дзюдо, таэквондо, кыргыз күрөшү, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, каратэ, ордо, тогуз коргоол, шахмат оюну, көркөм гимнастика, футбол, триатлон, оор жана жеңил атлетика, веложарыш, стол тенниси) болот.
15:00дө Дайыр Асанов атындагы паркта майрамдык концерт жана ар кандай багыттагы мастер-класстар өтөт.
17:00дө Юлиус Фучик паркында мастер-класстар: кагаз менен кол өнөрчүлүк жасоо, кийиз менен сувенирлерди жасоо, сайма саюу жана спорттун түрлөрү көрсөтүлөт.
31-августтагы иш-чараларга байланыштуу коомдук транспорт түнкү саат 1:00гө чейин каттайт.