15:37
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Эгемендүүлүк күнүнө карата Ош шаарында өтө турган иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылды эртең менен Мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин айкелдерине гүл коюу аземи менен башталат. Бул тууралуу каала мэриясынын маалымат кызматы билдирет.

Андан кийин саат 10до шаардын борбордук аянтында театралдаштырылган маданий-массалык оюн-зоок иш-чарасы башталат.

Ал арада Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын алдындагы аянты майрамдык жарманке ачылат. Ага улай эс алуучулар үчүн улуттук спорт оюндары боюнча мелдеш болот.

Саат 12де «Алымбек-Датка» этно-комплексинде «Аймактарды өнүктүрүү» жылынын алкагында «Жапалак аймактык Башкармалыгы уюштурган «Ааламга жол айылдан башталат» аттуу фестиваль башталып, Айыл-чарба жарманкеси, «Боорсок» фестивалы, «Сармерден» кыз-жигит оюну уюштурулат.

Кечинде шаардыктарды борбордук аянтта гала-концерт күтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар