Орусиянын Ленинград облусунда Mercedes үлгүсүндөгү маршруттук унаа жол кырсыгына кабылды. Ичинде Кыргызстандын жарандары болгон. Бул тууралуу Life басылмасы билдирди.
Маалыматка караганда, 7 киши жабыркаган, 3 жаран оор жараткат алышкан.
«Алдын ала алынган маалыматка караганда, маршруттук унаанын айдоочусу Санкт-Петербургга бара жатып, рулга ээ боло албай калган. Натыйжада жолдун четине чыгып кеткен», —деп жазылат маалыматта.