Бишкек-Ош жолунун башкы дирекциясынын Жалал-Абад курулуш башкармалыгы 1 миллион сом салыкты мамлекетке төлөбөй жашырып койгон. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад курулуш башкармалыгынын ишмердүүлүгү боюнча каржы полициясы текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада 2015-жылдын 1-январынан былтыркы жылдын 31-декабрына чейин 1 миллион 543 миң 880 сом кошумча салык жана төлөмдөрдү төлөбөгөндүгү аныкталып, мамлекеттик бюджетке чоң суммадагы зыян алып келген.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.