05:07
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Lexus GX470 үлгүсүндөгү унаа күйүп кетти

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда Lexus GX470 үлгүсүндөгү унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, унаа жүрүп бараткан жеринен күйүп кеткен.  Айдоочу менен жүргүнчүсү унаадан чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Учурда унаанын эмне себептен күйүп кеткени иликтенүүдө.



Эң көп окулган жаңылыктар