15:02
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Таш-Көмүрдө жоокер сууга чөгүп каза болду

Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында 21 жаштагы жоокер сууга чөгүп каза тапты.

Маалыматка караганда, аскердик милдетин аткарып жүргөн Доолбек уулу Мирлан сууга чөгүп кеткен.

Маркумдун жакындары кырсыкка отряд жетекчилигин жана аны менен бирге сууга түшкөн жоокерлерди айыптап жатышат. Алардын айтымында, каза болгон жоокер сууда мыкты сүзчү.

Ал эми аталган отряддын жетекчилиги аталган окуяны кокустук экенин айтышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар