15:09
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Оштогу жол кырсыгы: 1 киши каза таап, 3өө жаракат алышты

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда «Хюндай Портер» унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталып, кесепетинен 21 жаштагы тургун каза тапты. Ошондой эле 3 киши жаракат алып ооруканага жеткирилди.  Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалым болгондой, Өзгөн районунун Дөң-Булак айылынын 1989-жылы туулган тургуну А. уулу Н. өзүнүн «Хюндай Портер» үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатып, рулга ээ боло албай калган. Натыйжада унаа жолдун сол тарабына оодарылып кулаган.

Унаанын ичиндеги жүргүнчү, Мырза-Аке айылынын 1997-жылы туулган тургуну Д.А. окуя болгон жерде каза болду.  Ал эми автоунаанын ичиндеги башка жүргүнчүлөр 2001-жылы туулган М.Ж., 1999-жылы туулган Ж. уулу У. жана 2000-жылы туулган З. уулу И. ар кандай жаракаттарды алып, аймактык ооруканага жеткирилди.


Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби