05:29
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Эт комбинатынын имаратынан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Бишкек шаарындагы эт комбинатынын имаратынан чыккан өрт толугу менен бүгүн саат 01:20да өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой,  өрттүн кесепетинен имараттын 5000 чарчы метр аянты күйгөн.

Эске салсак, 9-августта Бишкек шаарындагы Москва көчөсү № 266 дарегинде иштетилбей бош турган мурунку эт комбинатынын имаратынан өрт чыккан. Анда жабыркагандар катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар