00:17
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Ош шаарында жол кырсыгында айдоочу каза болду

Ош шаарында Toyota Windom унаасы менен катуу ылдамдыкта бара жатып жол кырсыгына кабылган  жигит окуя болгон жерде каза тапты. Бул тууралуу Ош шаардык жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, катуу ылдамдыкта бара жаткан унаа казылып турган чуңкурга түшүп кеткен. Анын кесепетинен айдоочу мерт кетти.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар