Бишкек шаардык борбордук шайлоо комиссиясы баш калаанын мэрин шайлоо боюнча добуштардын жыйынтыгы тууралуу протоколду бекитти. Мындай чечим бүгүнкү отурумда кабыл алынды.
Эске салсак, 8-августта баш калаанын мэрин шайлоо өнөктүгү өткөн. Анда шаардык кеңештин 43 депутаты макул деген добушун беришкен. Жыйынтыгында жалгыз тапакер Азиз Суракматов шаар башчысы болуп шайланган.