Троллейбустук линиялар иштен чыккандыктан № 2, № 17 троллейбустар каттамдарын жүргүзгөн жок. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, № 7 троллейбус Анкара көчөсүнө чейин гана каттайт.
«Айдоочулардын бири троллейбус линиясынын мамысын сүзүп алган. Учурда жумушчулар окуя болгон жерге барып, оңдоп жатышат», -деп билдиришти мэриядан.