18:36
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Баткенде унаа каналга кулап, ичиндеги 2 киши каза болду

Баткенде унаа каналга кулап, ичиндеги 2 киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен облусунун Масалиев айыл аймагындагы Кожо-Кайыр каналына Daewoo Tico үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 63 жаштагы А.А. жана А.И. аттуу эки тургун каза болгон.

ӨКМнын куткаруучулары унаанын ичинен каза болгон жарандардын жансыз денесин чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума