17:06
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Өзбекстанда милиция башкармалыгынын жетекчисин өлтүргөн киши өзүнө кол салды

Өзбекстандын Ички иштер министрлигине караштуу Кайгуул-күзөт кызматы жана коомдук тартипти сактоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Дилшат Акрамовду өлтүргөн киши өз жанын кыйды. Бул тууралуу ИИМдеги өз булактар жана Акрамовдун туугандары билдирди.

Өзбекстандын Ички иштер министрлигине караштуу Кайгуул-күзөт кызматы жана коомдук тартипти сактоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Дилшат Акрамов 4-августта иш бөлмөсүндө өлтүрүлгөн.

Дилшод Акрамовду өлтүрүүгө шектелген киши атайын операциянын жүрүшүндө кармалган. Маалыматтарга караганда, тарип сакчы жеке жаңжалдан улам устат жетекчисине кол салган.

«Бул киши Акрамовдун иш бөлмөсүнө кирип, алгач бетине кислота чачкан, андан соң денесине бир нече жолу бычак сайган», —деди Дилшод Акрамовдун туугандарынын бири.

Анын айтымында, Дилшод Акрамов дагы коргонуу үчүн шакиртине 2-3 жолу бычак урууга үлгүргөн. Жетекчисин өлтүргөн киши кармалып, ооруканада терезеден боюн таштап мерт болгон.

Ага карата «Мыкаачылык менен атайлап киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

40 жаштагы Дилшат Акрамов аталган башкармалыкка быйыл июлдун башында жетекчи болуп дайындалган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби