23:28
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Мугалимдердин 80 пайызга жакыны мекенчилдик сезими менен гана иштеп жатат

Кыргызстандагы мугалимдердин 80 пайызга жакыны мекенчилдик сезими менен гана иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.

Анын билдиргенине караганда, абалды оңдоо керек. Ошондой эле, айылдагы билим берүүнүн деңгээлин көтөрүп, шаардын деңгээлине жеткирүү зарыл.

Өкмөт башчы билдиргендей, бала бакчалардын саны жетишсиз. «Бала бакчалардын көпчүлүк имараттарын ар кандай кеңселер ээлеп турат. Аларды кантип бошотуш керек, ойлонуу зарыл. Кыргызстанда 600дөн ашуун бала бакча жетишсиз», —деди премьер-министр.

Эң көп окулган жаңылыктар