06:42
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Түркиялык сүрөтчү кыргызстандык балдарга сүрөт тартканды үйрөтүүдө

Түркиялык сүрөтчү Фатих Күчүк Кыргызстанга балдарды сүрөт тартууга үйрөтүү үчүн келген. Ал өзүнүн сүйлөшкөн кызы менен Бишкектен үйлөнүүнү чечкен.

-Сиздер Кыргызстанга кантип келип калдыңыздар?
— Мен Түркиядан келдим. Ал жакта искусство жана кино факультетин бүтүргөм. Ишимдин арты менен Жапония, Тайвань, Орусия, Грузия, Украина, Түштүк Кореяда болдум. Кыргызстанга ушул жылдын жайында келдим. Бул жакка көркөм сүрөт долбоорун улантууга жана өлкөнү жакындан таанып билүү үчүн келдим. 

— Кайда туруп атасыздар?
-Келгенден бери 8 күн тоо койнунда болдук. 3 күн Жети-Өгүз жайлоосунда болуп, боз үйлөрдөгү бала бакчаларды кыдырдым. Ал жакта балдарга сүрөт тартканды үйрөттүм.

-Кыргызстанда сизди таң калтырган нерселер?

— Мен үчүн тоолордон мектептердин жайгашканы таң калыштуу болду.

-Сиздер эмне үчүн үйлөнүү үлпөт тоюн Кыргызстанда өткөрүүнү чечтиңиздер?
— Бишкекке биринчи жолу келгенибизде түрк элчилигинин өкүлдөрү менен кезиккенбиз. Алар биздин үйлөнгөндүгүбүз тууралуу сурашып, расмий каттоодо турган турбагандыгыбызга кызыгышты. Биз жубайым экөөбүз Түркияда улуттук салт боюнча үйлөнгөндүгүбүздү айттык. Ал эми каттоого чет жерден турууну каалап келгенбиз. Мындан улам тиешелүү документтерди топтоп бул жактан расмий түрдө каттоого турдук.



— Улуттук ашканадан кайсы тамактарды жактырасыз?

— Мага самсы менен плов жакты. Кымызды ичкенден корктум. Эт азыктарын аз жегендиктен шишкебектен баш тарттым. Көпчүлүк учурда жер-жемиш жегенге аракетттенем.

-Кыргызстандын сиздин туулуп өскөн мекениңизге окшоштуктары бар бекен?
— Мен Антальянын курорттук району Кашта жашайм. Кыргызстан менен Түрктөрдүн меймандостугу окшош. Жергиликтүү калк бизди жылуу тосуп алды. Мени көчмөн кыргыздардын жашоо образы таасирлентти.



— Бишкекте эмнелерди өзгөртөт элеңиз?
— Бишкектен архитектуралык жана тарыхый баалуулуктары бар имараттарды көргүм келет.

Эң көп окулган жаңылыктар