15:33
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекте эл аралык издөө жүргөн Түркиялык жаран кармалды

Бишкекте эл аралык издөө жүргөн Түркиялык жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМге чет элдик жаран ички иштер органдарынан качып, Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүрөт деген маалымат келип түшкөн. Анын жасалма документ менен Европага чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү бар экени да айтылган.

«35 жаштагы чет элдик жаран кармалды. Ал Түркияда оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Соттун чечими менен шектүү № 1 тергөө абагына киргизилди», -деп билдиришти ИИМден.

Эң көп окулган жаңылыктар