14:22
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Сахалинде сууга чөгүп каза болгон жаранга сыйлык берилет

Сахалинде сууга чөгүп бараткан кыздын өмүрүн сактап, өзү чөгүп каза болгон кыргызстандык жигитке «Чөгүп бараткан адамды куткаргандыгы үчүн» медаль берилет. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, каза болгон баланын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлөт. 

Эске салсак, 17 жаштагы Жандарбек Кубаныч уулунун сөөгү мекенине жеткирилип, кырсык болгондон 3 күндөн кийин жерге берилди. Ал 29-июлда Орусиянын Сахалин облусундагы Русское көлүндө сууга чөгүп бараткан кызды куткарам деп өзү  чөгүп кеткен. Ал кыздын өмүрүн сактап калганга жетишкен.

Кыргызстандын өкмөтү каза болгон жигиттин үй-бүлөсүнө материалдык жардам берүүнү пландап жатат.  Өзгөө кырдаалдар министрлиги сыйлык берүү ниетинде.

Эң көп окулган жаңылыктар