18:12
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Эгизбаевдин өлүмүнүн себептерин иликтөө бир айга узартылды

«Азаттыктын» иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнүн себептерин иликтөө бир айга узартылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү Сүйүнбек Мунайтбасов билдирди.

Уланбек Эгизбаев чөгүп кеткен окуя Ысык-Көл районунда кылмыш каттоо китебине катталып, иликтөө иши жүрүп жатат. Жазык-процессуалдык кодексте көрсөткөндөй кылмыш боюнча үч же 10 күндүн ичинде чечим кабыл алынышы керек. Эгер бул аралыкта чечим кабыл алынбаса, прокурордун макулдугу менен бир айга узартылат. Бул факты боюнча дайындалган экспертизанын корутундулары даяр боло элек, берилген тапшырмалар боюнча жооптор келе элек. Иликтөө толук объективдүү болушу үчүн Ысык-Көл райондук прокуратурасы аны бир айга узартты.

Сүйүнбек Мунайтбасов

Уланбек Эгизбаев 22-июлда 28 жаш курагында каза болгон. Милиция ал Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткенин билдирген. Анын өлүмүнүн себептерин иликтеген соттук-медициналык экспертизанын акыркы толук жыйынтыгы бир ай ичинде чыгышы керек.

Эң көп окулган жаңылыктар