11:39
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Сокулукта ири өлчөмдөгү акча каражатын уурдоого шектүү 3 тургун кармалды

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда ири өлчөмдөгү акча каражатын уурдоого шектүү 3 тургун кармалды. Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Новопавловка айылындагы дүкөндөрдүн биринен белгисиз бирөөлөр ири суммадагы акча салынган сейфти уурдап кетишкен. Күзөттө эч ким жоктуганан пайдаланган кылмышка шектүүлөр медициналык бет кап кийип, уурулукка барганы аныкталды. Алар 579 миң сомду алып кетишкен.

Тартип сакчылары окуяга тийиштиги бар 3 тургунду кармашты. Алардын бири аталган дүкөндө коопсуздук кызматкери болуп иштегендиги анык болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума