14:27
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өмүрбек Текебаев Улуттук кардиология борборуна жаткырылды

Соттолгон мурунку депутат Өмүрбек Текебаев Улуттук кардиология борборуна жаткырылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине ЖАМКтан билдиришти.

Маалыматка караганда, 31-июлда № 47 түзөтүү колониясынын дарыгерлеринин көрсөтмөсү менен Өмүрбек Текебаевди ден соолугун текшерүү үчүн Улуттук кардиологиялык борборуна алып келишти.

«Буга чейин депутаттык комиссия анын ооруканага муктаждыгы бар экендигин жазып чыгышкан. Дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин мурунку депутатты стационардык негизде дарылоону чечишти», -деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев жемкорлукка айыпталып 8 жылга эркинен ажыратылган.

Эң көп окулган жаңылыктар