18:27
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызстандык спортчулар тогуз-коргоол боюнча Азия чемпионатында жеңүүчү болушту

Кыргызстандык спортчулар тогуз-коргоол боюнча Азия чемпионатында жеңүүчү аталышты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти. 

Иш чара Монголияда өтүп, ага Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Монголия, Орусия жана Өзбекстандан келген спортчулар катышты. Алар жаш өзгөчөлүгүнө жараша 3 тайпага бөлүнүп ойношту.

Спорттук иш-чаранын жыйынтыгында Кыргызстандык курама команда 4 алтын, 4 күмүш жана 7 коло медаль утуп алышты.

Эң көп окулган жаңылыктар