11:35
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ысык-Көлдө Польшадан келген карагаттардын көчөтү олтургузулууда

Ысык-Көлдө  фермерлери жапа тырмак Польшадан келген карагаттын көчөттөрүн олтургузууда. Бул тууралуу «АВЕП» коомдук фонду билдирди.

Алардын маалыматында, Ысык-Көл облусунда 5 жыл мурда «Карагат плюс» долбоорунун алкагында Польша мамлекетинен ташылып келген карагат менен алмалардын көчөттөрү эл арасында чоң суроо талапка ээ болууда.

«2013-жылы Польшадан карагаттын 4 түрү ташылып келип, Ысык-Көлдөгү бир нече питомниктердин кожоюндарына өсүмдүктөрдүн сортун жаңыртуу жана андан ары көбөйтүп жайылтуу максатында таркатылып берилген. Ошол мезгилден бери тыштан келген 4 түрдүн экөөсү эл арасына жакшы кабыл алынып, азыр айрым фермерлер карагаттын «Тизель» жана «Тибень» деп аталган түрлөрүн гектарлаган аймактарга өстүрүүдө. Бирок суроо-талап көптүгүнөн көл аймагындагы фермерлердин керектөөсүн камсыз кыла албай жатабыз. Себеби бул сорттордун түшүму да, транспортто ташуу ыңгайы да, сатылышы да жакшы», — деп белгилейт «Барскоон» мөмө-жемиш кооперативинин жетекчиси Рая Төлөгөнова.

Анын айтымында, польшалык сорттор фермерлерди жаңы сорт катары гана сүйүнтпөстөн, түшүмүнүн молдугу жана ташыганга чыдамдуулугу, ыңгайлуулугу менен фермерлерди багындырып алды.

«Биз ал сортторду түшүмүн алып сатып пайда көргөн жокпуз. Анын ордуна көчөт кылып бир нечеге көбөйтүп сатканыбыз пайдалуу болуп атат. Бул бир чети фермерлерге дагы пайда. Анткени алар дагы ушул сортторду көбөйтүп, түшүмүн түшүмдөй, көчөт кылып сатса көчөттөй сатып, үй-бүлөлүк кирешесин көбөйтүп, жан багып жатышат . Ачыгын айтканда биз суроо-талаптын көптүгүнөн көчөт менен камсыз кылууга үлгүрбөй жатабыз» — дейт Рая Төлөгөнова.

Белгилей кетсек сатуучу менен алуучунун, фермер менен кардардын ортосундагы байланышты камсыздоого өбөлгө түзгөн «Карагат Фест» фестивалы ушул жылдын 4-августунда, Ысык-Көл районундагы Темировка айылында өткөнү жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар