Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Медина шаарына жетишти. Бул тууралуу муфтият маалымдайт.
«Быйылкы жылы Кыргызстандык ажылар үчүн түзүлгөн шарттар абдан жакшы. Эң өзгөчөлүгү быйыл биздин жарандарыбыз үчүн заманбап автобус жана мейманкана Пайгамбарыбыздын (САВ) мечитинен 20 метр алыстыкта жайгашкан», — дейт муфтият.
Эскерте кетсек, бүгүн кечки саат 22:00дө зыяратчылардын тобу Медина шаарына учуп кетмекчи.