01:39
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Короолорду аралап динге үгүттөөгө тыюу салынат

Короолорду аралап динге үгүттөөгө тыюу салынат. Бул «Кыргызстандын дин тутуу жана диний уюмдар» жөнүндөгү мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүдө сунушталат.

«Үйгө барып, сизди мечитке, же храмга чакыра алат. Бирок, ошол жерде диний ишмердик жүргүзө албайт. Анткени, диний ишмердикти атайын жайларда гана жүргүзүүгө болот», — дейт дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Закир Чотаев.

Андан тышкары, мындан ары балдарга ата-энелеринин коштоосунда диний жөрөлгөлөргө катышууга уруксат берилет.

«Азыркы мыйзамда балдарды диний ишмердикке тартууга болбойт деп жазылган. Азыр ал толукталууда. Балдарды өз алдынча диний ишмердикке тарткандарды жоопкерчилиги каралып, ата-энесинин коштоосунда гана диний мекемелерге баруу сунушталууда», — дейт Закир Чотаев.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын билдирүүсүндө, Кыргызстанда 3500 диний уюм бар. 

Эң көп окулган жаңылыктар