«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Азыр баары көлдө эс алып, шаарда дагы бассейндерге чөмүлүп жүргөн кези. Аялдар кандай кийиниши белгилүү. Динде эркектердин кийимине чек барбы?
Жооп: Эркектердин кийими киндигинен тизесине чейин жаап турушу шарт. Анан чолок шымдын кенен болгону туура. Ошондо гана мусулман тартынбай сууга чөмүлө алат.