20:06
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жалал-Абадда аткаминерлерди мамлекетке 17 миллион сомдук чыгым келтирген дешүүдө

Жалал-Абад облусундагы балдардын психо-неврологиялык ооруканасынын курулушунда жергиликтүү аткаминерлер мамлекетке 17 миллион сомдук чыгым келтирген деп шектелишүүдө. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, аталган облустун турак жай жана жарандык курулуш департаментинин капиталдык курулуш башкармалыгы оорукана куруу үчүн 2017-жылы март айында тендер жарыялаган.

Натыйжада тендерге катышкан компаниялардын бири анын жыйынтыгы менен макул эместигин айтып нааразы болгон. Анда ведомстволор аралык комиссия аталган башкармалыкка мыйзамдын чегинде чечим кабыл алууну талап кылган.

Бирок башкармалык комиссиянын талабын орундатпай туруп, тендердин жеңүүчүсү менен келишим түзгөн. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекетке 17 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгени аныкталды.

Эң көп окулган жаңылыктар