USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Кыргызстандын аткаминерлери киберспорт турнирине катышат

13:10, 27 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик уюмдар арасындагы Gov.Games кибер турнири Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлөт. Бул тууралуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин басма сөз кызматы билдирди.

Gov.Games уникалдуу аянтчага айланаары, анда мамлекеттик кызматкерлер киберспорттун популярдуу дисциплиналары — Dota 2 жана Counter-Strike 2 (CS2) боюнча командада иштөөнү жана стратегиялык ой жүгүртүүнү көрсөтө ала тургандыгы белгиленген.

Турнирдин байге фонду 20 миң долларды түзөт. Жеңүүчүлөргө заманбап гаджеттер, жабдуулар жана башка баалуу сыйлыктар тапшырылат.

Ар бир команда беш мүчөдөн турат. Бир мамлекеттик орган ар бир дисциплинага бирден болгондо эң көп дегенде эки команданы каттай алат. Ички тандоо жана расмий каттоодон өткөндөн кийин IT кызматкерлери гана катыша алышат. Арыздар 26-майдан 2-июнга чейин кабыл алынат.

Онлайн этап 3-июнда башталып, финалдык беттештер 14-июнда Бишкекте IT Hub ТехноПарк инновациялык мейкиндигинде өтөт.

Уюштуруучулар беттештерди YouTube каналынан түз алып көрсөтүүгө убада беришти.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18