04:23
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Көчмөндөр оюндары. Медалдар үчүн 1 миллион сомдон ашуун акча коротулат

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ойнотула турган медалдар үчүн 1 миллион 200 миң сом коротулат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды. 

Маалыматка таянсак, оюндун жеңүүчүлөрү үчүн жалпысынан 594 медаль сатып алынат.

Биринчи даражадагы III World Nomad Games спорттук медалы колодон жасалып, үстүнө алтын жалатылган соң түстүү эмаль менен капталышы керек. Ал эми 2-3-даражадагы III World Nomad Games медалдардын сырты күмүш жалатылып, түстүү эмаль менен капталышы керек.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума