05:28
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстанда төрөттөн каза болгон энелердин саны 24кө жетти

Жыл башынан бери Кыргызстанда төрөттөн каза болгон энелердин саны 24кө жетти. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам уюму башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева билдирди.

Анын айтымында, былтыркы жылдын биринчи жарым жылдыгында 22 эне төрөттөн каза болгон.

Маалыматка караганда, өлүмдүн себеби болуп экстрагениталдуу оорулар эсептелет. Айрым аялдар ооруну өтүштүрүп ийген соң ооруканага келип түшөт.

Учурда министрлик үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча иштерди алып барууда.

Эң көп окулган жаңылыктар