20:03
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкек-Тбилиси түз аба каттамдарын ачуу пландалууда

Бишкек-Тбилиси түз аба каттамдарын ачуу пландалууда. Мындай сунушту Грузиянын премьер-министри Мамука Бахтадзе кыргызстандык кесиптеши Мухаммедкалый Абылгазиев менен болгон жолугушуусунда киргизди.

Анын айтымында, Грузия «Ачык асман» долбоорун ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашууга даяр.

Мамука Бахтадзе ар кандай долбоорлорду ишке ашырууда эки тараптуу кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Бул өз учурунда тараптардын экономикалык мамилелерине оң таасирин берет.

Эң көп окулган жаңылыктар