17:04
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Активисттер: Бишкектеги Шабдан Баатыр көчөсүнө 7-Апрель ысымын мыйзамсыз беришти

Бишкектеги Шабдан Баатыр көчөсүнө 7-Апрель ысымын мыйзамсыз беришти. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине «Биздин укук» коомдук фондунун башчысы Калича Умуралиева билдирди.

Маалыматка караганда, активисттер көчөнүн мурунку ысымын кайра калыбына келтирүү ниетинде.

Калича Умуралиеванын айтымында, Шабдан Баатыр көчөсүн 1-Апрель деп өзгөртүүдө юристтер бир канча эреже бузууларды таап чыгышты.

Мораторий жүрүп жатканда көчөнүн ысымын алмаштырышкан. Анын үстүнө Бишкек шаардык кеңешинин уставында жарандардын укуктары тууралуу жазылган. Анда көчөнүн ысымын алмаштыруу бишкектиктердин макулдугу менен жүргүзүлүшү керек деп жазылган

Калича Умуралиева

Ал билдиргендей, шаардык бийлик муну коомдук талкууга алып чыгышы керек эле.

«Биздин пикирибизди эч ким сураган жок. Көпчүлүк тургундар көчөнүн ысымынын алмаштырылышына каршы болчу», — дейт активист. Аталган коомдук фонд Бишкек шаардык кеңештин токтомун артка кайтаруу үчүн Бишкек шаардык райондор аралык сотуна арыз менен кайрылышты. 17-июлда иш каралат.

Эске салсак, март айында шаардык кеңештин депутаттары 2023-жылга чейин көчөлөрдүн ысымын алмаштырбоого мораторий жарыялашкан. Ал эми жаңы ысымды аты жок объекттерге берүүгө болот.

Эң көп окулган жаңылыктар