12:41
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыз-Күйөө айылы. Кыргызстандагы эң кичине айыл

Фото Кыз-Күйөө айылы

Чүй облусуна караштуу Боом капчыгайында эки тоонун ортосунда жайгашкан чакан айыл бар. Ал Кыз-Күйөө айылы. Айылдыктардын айтымында, аталышы ата-энесинен качып, үй-бүлө куруп, ушул жерде байырлап жашап калган жаштардын урматына коюлган. А иш жүзүндө айыл 1951-жылы Бишкек-Рыбачье темир жолун тейлеген кызматкерлер үчүн түзүлгөн.

«24.kg» агенттиги чакан айылдан бир нече факты сунуштайт.

Айылда болгону 18 үй бар

«Билишимче айылдын үйлөрү согуш жылдарында салынган экен. Баарыбыз менчикке чыгарып алып жашап жатабыз. Айылдын жашоосу шаардыктардыкынан кем калбайт. Ар бир үйдө ысык, муздак суу чыгат, свет өчпөйт, телефон, телевизор дайым жанып турат. Шаардан айырмалап турган бул эки капталдагы тоо. Темир жолдо рельс ондоо, таштарды түшүрүү, тазалоо сыяктуу жумуштар аткарылып турат», — дейт подстанциянын нөөмөтчүсү Уулжан Найзабекова.

Аянты 2,5 гектар

«Ары-бери өткөндөр ушундай жерде кантип жашайсыңар деп таңгалышат. Бирок, бизде жашоо үчүн баардык шарттар бар. Үйдүн ичин заманбап кылып жасатып алганбыз. Сыртынан гана көрүп баа беришет окшойт. Биздин айылда дагы той болот. Уул үйлөп кыз узатабыз. Жакында эле Токмоктон, Нарындан келин алышты. Дагы бир кызыбызды Нарынга узаттык», -деди нөөмөтчү айым.

Мектепке барган балдардын саны бир класска толбойт

«Учурда айылдын балдарын мектепке ташуучу жалгыз автобус бар. 20 бала автобус менен Кызыл Октябрь айылына барып окушат. Жергиликтүү бийлик автобустарды жаңыртып беребиз деп убада кылышкан, бирок азырынча жооп жок. Кышкысын бузулуп калып, балдарыбыз сабакка барбай калган учурлар көп эле жолу болот», — дейт темир жолдо обходчик болуп иштеген Тилек Бусурманова.

Айылда бир да дүкөн жок

«Тамак-ашка керектүү азык-түлүктү, кийим-кечек жана башка турмуш тиричиликке керектүү буюмдарды Кемин шаарынан, же Балыкчыдан алабыз. Күбөлүктү көрсөтүп поезд каттамдары аркылуу акысыз жетчү жерге жетебиз», — дешет тургундар.

Темир жолчулардын мууну

«Айылдыктардын дээрлик баардыгы ата-энелеринин жолун жолдоп темир жол кызматын аркалагандар. Бишкектеги Кыргыз архитектуралык-курулуш университетин окуп келип, мында иштеп жатышат. Болочокто балдарыбыз дагы ушул тармактын кесип ээлери болот деп ишенебиз», -дешет жергиликтүү эл.

Айыл өзү Балыкчы-Бишкек темир жолунда жайгашкан.

Айылдыктар чарбак иштетпейт

«Айылдыктардын бир көйгөйү-бул огород жайдын жоктугу. Жашылча айдап, түшүм ала албайбыз. Айрымдары алма, өрүк отургузуп алышкан. Бирок, жер-жемиш, жашылча дегендерди сатып алууга туура келет. Мал кармайбыз», -дешет тургундар.

Айыл балдары бала бакчага барбай чоңоет

«Коңшу айыл Жел-Арыкта бала бакча ачылган. Бирок, бир себептерден улам балдарыбызды кабыл алыша элек. Айтымдарында, балдарга керектүү буюмдары алына элек окшойт. Биздин айылда Союз маалында бакча болгон экен, кийин жоюлуп кетиптир», — деди Тилек Бусурманова.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби