16:47
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Ысык-Көлдө «Тескей Жээк» этнофестивалы өтөт

Ысык-Көл облусунун түштүк жээгинде «Тескей Жээк» этнофестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалым болгондой, аталган иш-чара этно-маданиятты жана көчмөн цивилизацияны жайылтуу максатын көздөйт.

Фестивалдын жүрүшүндө ат оюндары, тыйын эңмей жана кыз куумай, салбуурун, жаачылардын, көк бөрүчүлөрдүн мелдеши өткөрүлөт. Мындан башка мастер-класстар, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү уюштурулат.

Иш-чара Тоң айылында 15-июлда өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар