Япониянын өкмөтү кыргыз ишкер аялдарын колдоо иретинде 600 миң доллар бөлдү. Бул тууралуу БУУнун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирет.
Ал каражат айыл жеринде ишкерлик, же фермерлик менен алектенген аялдарга берилет. Жалпысынан 15 миңдей үй-бүлөнү камтуу пландалууда.
Программа элеттеги аялдарды колдоо иретинде жүрүп жаткандыгы айтылат.