12:42
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Маркум Дүйшөнбек Байдөбөтов менен коштошуу зыйнаты бүгүн Үч-Эмчек айылында болот

Кыргыз эл артисти, Муратбек Рыскулов атындагы сыйлыктын лауреаты, белгилүү кино жана театр өнөрпозу Дүйшөнбек Байдөбөтов 69 жаш курагында 2018-жылдын 7-июлунда дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Актёр 1949-жылы 5-январда Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылында туулган. Москвадагы А. В. Луначарский атындагы мамлекеттик театр искусство институтун бүткөн соң, чыгармачылык жолун 1972-жылы Ош облустук драма театрынан баштаган. Андан кийин 1991-жылдан тартып өмүрүнүн аягына чейин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында эмгектенген.

Маркум менен коштошуу зыйнаты бүгүн саат 10до кичи мекени Үч-Эмчек айылында болот.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума